Кыргызстанда расмий эсеп боюнча маңзатка көз каранды 7500 киши бар
Комитет отурумунда “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алды.
Жыйында депутаттар Кыргызстан электрондук чылым чеккен өспүрүмдөр көбөйүп баратканын билдирип, аларга тыюу салуу демилгесин көтөрүштү.
Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8 500 адам бар деп эсептеген.
“Сорос Кыргызстан” фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (BTo)