Индияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды
Премьер-министр Нарендра Моди куткарылгандарга кайрылып, алардын кайраттуулугу жана чыдамкайлыгы өлкө элин шыктандырганын айтты. Транспорт министри Нитин Гадкари "кубанып, жеңилдеп калганын" билдирди.
12-ноябрда Уттаракханддагы 825 чакырымдык шосседе туннель кулап, анын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жасап жүргөн 41 жумушчуну басып калган эле.
Куткарууга жүздөн ашык адам катышты. Уранды астында калгандар менен скважина аркылуу байланышты кармап, тамак-аш, дары-дармек жеткирип турушту.