Самыкойжо тууну өзгөртүү долбоору биринчи окууда мыйзам бузуу менен өткөнүн айтты
“Менин ордума “макул” деп басып койдуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөртүлүшүнө караманча каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапоздук, көз боёмочулук, эмне деген абийирсиздик?! Эшикте элдин 90% каршы болуп турат. Кулагын асып жүрүп укпагандар, көздөрүн ачып жүрүп уктагандар биз болуп атабыз”, - деди Мирлан Самыкойжо.
Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” болгон.
Мыйзам долбооруна депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев каршы добуш берди.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.
Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.
“Азаттык” радиосу YouTube платформасында желекти өзгөртүү демилгеси боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө. 29-ноябрга карата сурамжылоого 20 миң киши катышты. Алардын 78% учурдагы туу калсын деп добуш берди. 5% эки депутат сунуштаган, 14% президент сунуштаган вариантты колдоду. 3% депутаттар иштеп чыккан баштапкы вариантына добуш беришти.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)