Спикер Жогорку Кеңеш нотариалдык орган эмес экенин айтты
Спикер Нурланбек Шакиев да Жогорку Кеңешке айтылган сындарга жооп берип, депутаттар идеялардын, программалардын айланасында талаш-талкуу кылышы керек экенин айтты.
“Парламент жөн эле добуш берип, кол коюп отурган нотариалдык орган эмес. Жогорку Кеңеш элдин үнүн жеткире турган эң бийик трибуна”, - деди төрага.
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ азайтылган.
VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Парламентке “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын дооматтар байма-бай айтылып келет. (BTo)