Акылбек Жапаров британиялык инвесторлорду кызматташууга чакырды
Ал кыргыз өкмөтү бизнес чөйрөсүн жакшыртууга, каттоо жана лицензиялоо жараянын жөнөкөйлөтүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, Майнелли аркылуу британиялык инвесторлор менен ишкерлерди эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууга чакырды.
Майкл Майнелли эки тараптуу кызматташуу буга чейин да болгонун, аны улантууга жана жакшыртууга үмүт артарын белгиледи.
Минкаб төрагасы Кыргызстан Улуу Британия менен экономикалык багытта эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылык берерин айтты.
Жапаров Лондонго эл аралык MINEX конференциясына катышуу үчүн барган. Сапардын алкагында чет элдик өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу мүмкүнчүлүгү каралары кабарланган.
Кыргызстандын өкмөтү инвесторлорго бардык шарттар түзүлө турганын айтып келатат. Президент Садыр Жапаров инвесторлордун укуктары жана бизнеси корголорун бир нече ирет кайталаган. Өкмөт инвестиция тартуу боюнча атайын министрлик түзгөн.