Арменияда митингчилер менен полиция кагылышты
![Арменияда митингчилер менен полиция кагылышты](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-4802-08dc8b052040_w800_h450.jpg)
Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгарын жарыялаган Арменияда абал курчуп, оппозиция менен полиция кагылышканда жүздөй киши жабыркады. Москва кандай болсо да Ереван менен «өнөктөш жана союздаш» мамилесин өнүктүрө берерин билдирүүдө.