Тегеранда Саудия менен Ирандын аскердик кызматташтыгы талкууланды
Бакери Сауд Арабиясына былтыр да барып, коргоо министри, канзаада Халид бин Салман ал-Сауд менен аймактагы окуяларды жана коргоо жаатындагы алаканы талкуулаган.
2023-жылдын март айында дээрлик жети жылдан кийин эки өлкө Кытайдын ортомчулугу менен дипломатиялык байланышты кайрадан улантууга макул болушкан, июнь айында Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал ибн Фархан Иранга барган.
Саудия бийлигиндеги сунни көпчүлүгү шиилер башкарган Иран менен байланышын 2016-жылы үзгөн. Буга расмий Эр-Рияд таасирлүү шии дин кызматкери Нимр ал-Нимрди өлүм жазасына тарткандан кийин Тегерандагы жана Мешхеддеги саудиялык дипломатиялык мекемелер кол салууга кабылганы себеп болгон.
Саудиялык аскер жетекчисинин Тегеранга сапары АКШда президенттикке кайрадан Дональд Трамп шайланган учурда уюштурулду. Трамптын шайлоо алдындагы убадаларынын бири АКШнын союздашы Израил Газада жана Ливанда Иран колдогон топторго каршы согуш жүргүзүп жаткан Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу болгон. (RK)