Орусиянын аэропортунда кыргызстандыктар аскерге чакыруу алганына түшүндүрмө берилди
Орусиядагы "Доступ" интернет басылмасы 7-ноябрь күнү Бишкек-Челябинск каттамындагы учак менен келген 250гө чамалуу жүргүнчүнү жана аларды тосуп алган жарандарды аэропортто күч кызматкерлери текшерүүгө алганын жазган. Басылманын кабарчысы орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга ошол жерден аскерге чакыруу кагазы берилгенине күбө болгонун билдирген.
Расмий маалыматка караганда, быйыл жарым жылда Кыргызстандын 9 901 жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынды. 2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылган.
ТИМ кыргызстандыктарга Орусиянын чек арасында текшерүүлөр мындан ары да күчөй турганын эскертип, тийиштүү документтерин алдын ала ырастап, даярдап алууга чакырган.
Быйыл жазында "Крокус Сити Холл" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган.(ZKo)