Израил Газадагы жана Ливандагы соккуларын улантты
Газа секторунун жарандык коргонуу мекемеси билдиргендей, шейшемби күнү эртең менен Израилдин бир нече соккусунан бул жерде кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы ондогон киши жараат алганы кабарланды.
Ливанда израилдик аскерлер "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы сокку урарын эскертип, жайкын тургундарды эвакуация болууга чакыргандан бир саатка жетпеген убакыттан кийин бутага борбор калаа Бейруттун түштүк тилкесин алганы белгилүү болду. Эки жолу урулган соккудан кийин ал жерлерди калың түтүн каптаган видеосун жарыялаган AFP анын алдында аткылоо да болгонун билдирди.
Ал тапта Газада израилдик армия дагы төрт аскеринен ажыраганы маалым болду. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) билдирүүсүндө айтылгандай, 12-ноябрда алар Газанын түндүк тилкесинде "кармаш учурунда курман болду".
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Ушуну менен Израил Газада азыркы жүргүзүп жаткан согушу башталган бир жылдан ашуун убакыт ичинде 376 аскеринен ажырады.
Былтыр октябрда бир күндө миңден ашуун кишиси өлтүрүлгөн, дагы жүздөгөн кишисин барымтага алып кетишкен окуядан кийин Израил палестиндер жашаган Газа секторунда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна каршы согуш жарыялаган. Согушту токтотуу аракеттери майнап бере элек. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бийлиги ошондон бери анклавда 43 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө. Ал эми Ливанда каза болгондор 3 миңге жеткени кабарланган. Израил жайкын тургундарга эмес, террорчуларга каршы күрөшүп жатканын айтууда. (RK)