Шайлдабекова СД боюнча кабыл алынган чечимдерди карап чыгууну прокуратурага сунуштады
Жыйында Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 30дай адам суралган, Социал-демократтар партиясынын 69 үгүтчүсүнүн тизмеси алынып текшерилгенде, алардын 25инин расмий келишими болгону аныкталган.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова социалдык медиада тараган видео добуш сатып алууга далил боло албай турганын белгиледи.
“Менин оюмча, бул тасма добуш сатып алуу фактысын далилдей албайт. Ал шайлоочулар менен иш алып барууну уюштурууга байланыштуу болушу мүмкүн. Терең далилдер азырынча коомчулукка белгилүү эмес. Бул аракеттерге партия менен юридикалык келишими бар адамдардын тиешеси барбы-жокпу, бул маанилүү. Анткени жөнөкөй жаран менен партиянын ишенимдүү өкүлүнүн, талапкердин жакын туугандарынын жоопкерчилиги мыйзамда эки башка көрсөтүлгөн”, - деди Шайлдабекова.
БШКнын төрайымы ошондой эле коомчулукта бул ишке байланыштуу толук маалымат жоктугун, мындан улам күмөндүү ойлордун пайда болушуна жол берилбеши керектигин белгиледи. Кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн текшерүү үчүн прокуратура органдары да карап чыгышын сунуштады.
Майлыбеков бул иш боюнча добуш сатып алууга байланыштуу далилдер, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар экенин билдирди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 14-ноябрдагы жыйынында Социал-демократтар партиясынын шаардык кеңешке шайлоодо талапкерлигин жокко чыгарган чечим чыгарды. Буга Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.
Бул иш боюнча партиянын лидери Темирлан Султанбеков, Бишкек шаарындагы штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер кармалган. 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алууга чечим чыгарды.
Социал-демократтар партиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына 17-ноябрда даттана турганын билдирди.