Экология министринин орун басары Кумтөр дагы 25-30 жыл иштерин айтты
Анын сөзүнө караганда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы кенди жердин алдынан казууга даярдык көрүп жатат. Уулуу калдыктар сакталган жайды иштетүү боюнча да долбоор бар.
Октябрь айында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун кабарлаган. 2024-жылдын тогуз айында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылды.
“Кумтөр Голд Компани” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. (BTo)