Нааразылыгын ич кийимчен билдирип чыккан ирандык кыз боюнча маалымат берилди
"Аны ооруканага жеткирип, илдети бар экенин аныкташкандан кийин үй-бүлөсүнө өткөрүп беришти. Ага кам көрүлүүдө".
Окуяга байланыштуу териштирүү таптакыр токтотулдубу же убактылуубу, сот өкүлү тактап айткан жок.
3-ноябрда Ирандын борбор калаасы Тегеранда ич кийимчен кыз көчөдө эл аралап басып жүргөн видео социалдык түйүндөргө тараган. "Фарда" радиосу ал өзү окуган жогорку окуу жайдын коопсуздук кызматкерлеринин кысымына кабылган болушу ыктымал экенин күбөлөрдүн айтканына таянып жазган. Ирандык кыз-келиндерди көзөмөлдөгөн кызматкерлер кыздын кандай кийинип жүргөнүнө асылгандыктан жооп катары ал ошондой кадамга барганы, аларга "жакпаган" кийимин чечип салып, көчөгө чыгууга аргасыз болгону айтылган.
Аху Бахари Тегерандагы Азад университетинин илимий изилдөөлөр факультетинин студенти экени кабарланган.
Кызды күчтөп машинага салып кетишкен. Кийинчерээк ал психиатриялык ооруканага түшкөнү маалымдалган.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Иранда өкмөткө каршы чыккандарды, нааразылыгын билдиргендерди "психикалык жактан жабыркаган адам" деген шылтоо менен камоо жана чектөө репрессиянын бир ыкмасы экенин жазган.
1979-жылы Иранда Ислам революциясы ишке ашкан. 1981-жылы кыздар 9 жашка чыккандан кийин башына жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү деген эреже кирген, каршы чыккандар күч менен басылган.
2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.
Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.
"Ирандагы адам укуктары боюнча борбор" (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.
Быйыл март айында Иранда ооруканалардын биринде жылаңбаш жүргөн келинди видеого тартып алган дин кызматкери менен чыккан чырдын видеосу интернетке тарап, талкуу жараткан.(RK)