ЮНИСЕФ "Талибанды" ооган кыздарына окуусун улантуу укугун берүүгө чакырды
Фонддун аткаруучу директору Кэтрин Рассел ооган кыздарынын окуп, орто билим алуу укугунан ажырашы менен миллиондогон кыздын келечегине балта чабылып жатканын, мунун кесепети кыйроого барабар болорун эскертти.
Талибдер кыздардын алтынчы класстан кийинки билим алуусу шариятка каршы келет деп эсептешет.
Рассел Ооганстан кыздардын орто жана жогорку билим алуусун чектеген дүйнөдөгү жалгыз өлкө экенин, мунун айынан саламаттык сактоо, экономика тармактары жана жалпы эле улут келечеги өтө чоң зыян тартарын айтты.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн бери бул өлкөдө "аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды" деп эсептей турганын өз баяндамасында белгилеген. Талибдер келгенден бери Ооганстан кыздар алтынчы класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланганы, аялдардын эркин басып-туруу, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелгени, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажыраганы айтылган.
2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.
Талибдер "инклюзивдик өкмөт" түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.
“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпай турганын өкмөт өкүлү Забиулла Мужахид айткан. (RK)