Аба ырайы: күн сууктап, айрым аймактарда кар жаайт
24-мартта аба ырайы кескин өзгөрүп, түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
"Кыргызгидромет" тараткан маалыматка ылайык, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 12…17;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 16…21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16.
"Кыргызгидромет" 24-25-марттарында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу кириши мүмкүн экенин эскертти. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштады.