Гагаузиянын башчысы Евгения Гуцул Кишинев аэропортунан кармалды
Молдовага караштуу Гагаузия автономиясынын лидери Евгения Гуцул 25-мартта Кишинев аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Гуцул Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, 72 саатка камакка алынганы маалым болду.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун молдован кызматы жазды. Маалыматты Коррупцияга каршы улуттук борбордун басма сөз катчысы тастыктады.
"Прокурорлор Гуцулга коюлган расмий айып менен 26-мартта тааныштырышы керек", - деп айтылат Коррупцияга каршы улуттук борбордун маалыматында.
Молдованын оппозициялык “Жеңиш” саясий блогу Евгения Гуцулдун кармалышына нааразылык билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары саясатчы менен депутаттар жана укук коргоочулар жолукканын жазышты.
Гагаузиянын тургундары лидерин колдоо митингине чыгышты.
Молдовада Евгения Гуцулга каршы эки кылмыш иши козголгон. Саясий ишмердикти мыйзамсыз каржылоо (Орусиядан акча алып келгени үчүн) жана 2022-жылы Кишиневдо нааразылык акцияларын уюштурууга катышканына байланыштуу. Евгения Гуцул бул окуяларга өзүнүн тиешеси жок экенин айтып, ишти саясий куугунтук деп атап келет.
Аны кармоонун алдында Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы "Шор" партиясын мыйзамсыз каржылоо боюнча кылмыш ишин тергөө аяктаганын билдирген. Бул иш боюнча айыпталуучу катары Евгения Гуцул жана партиянын катчысы Светлана Попан көрсөтүлгөн.
2024-жылы Евгения Гуцул АКШ жана Евробиримдик тарабынан санкциялык тизмеге кошулган. Еврошаркет ал жана башка бир нече гагауз саясатчылары Молдовадагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет көргөн деп эсептейт.
Гагаузия орус тилдүүлөр басымдуу болгон автономиялуу аймак жана Орусия менен алаканы жактап, Молдованын Еврошаркетке кошулушуна каршылык билдирип келет. 2014-жылдын февраль айында өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча анын калкынын 98% ашыгы Молдованын Бажы биримдигине кирүүсүн колдогон. (AiA)