Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Конгресстин 40тан ашуун мүчөсү Трампка кат жолдоп, “Азаттык” боюнча буйругун жокко чыгарууга чакырды

25-мартта АКШнын мыйзам чыгаруу органы болгон Конгресстин ондогон мүчөсү президент Дональд Трампка кат жазып, АКШнын Глобалдык медиа агенттигин (USAGM) жабууну көздөгөн буйругун жокко чыгарууну талап кылышты. Алардын пикиринде, бул буйрук USAGM менен байланышы бар "Эркин Европа/Азаттык" радиосу сыяктуу уюмдарга зыян келтирип, АКШнын душмандары Орусияга, Кытайга, Иранга жана Түндүк Кореяга жардам берет.

Конгресстин 40тан ашуун мүчөсү кол койгон катта "USAGMди жабуу АКШнын дүйнөдөгү аброюна жана таасирине сокку болот" деп айтылат.

"Бир сөз менен айтканда, Гаванадан Каракаска жана Минсктен Тегеранга чейин миллиондогон адам жабык жана чектелген шартта калышат. Алар дүйнө тууралуу маалымат ала алышпайт. Биз сизди бул буйрукту кайра карап чыгууга, USAGM жана маалымат тараткан тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга чакырабыз", - деп айтылат катта.

Конгресстин өкүлү Билл Китингдин (демократ) айтымында, "Эркин Европа /Азаттык радиосу", "Америка авазы", "Эркин Азия" жана USAGM менен байланышкан башка медиа уюмдар жабык коомдо жашаган адамдарга объективдүү жана ишенимдүү маалымат берүү менен "жумшак күчтүн маанилүү инструменти катары кызмат кылат".

"Алардын иши ушунчалык натыйжалуу болгондуктан Ирандагы, Орусиядагы жана Кытайдагы режимдер аларды улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп жарыялашты", - деди Китинг. Ал Трамптын 14-марттагы буйругун "акылга сыйбас" деп атап, аталган буйрук АКШнын эркин маалымат каражаттарынан корккон душмандарын күчтөндүрөрүн айтты.

Катта ошондой эле USAGM тармактары жана грант алуучулар эркин жана ачык маалымат каражаттары кеңири жеткиликтүү болбогон өлкөлөрдү ар тараптуу маалымат менен камсыз кылууда тарыхый жана маанилүү ролду ойной турганы айтылат.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысын жабуу Орусия, Беларус, Иран жана Борбор Азия өкмөттөрүнө "Эркин Европа/Азаттыктын" сыйлыкка татыктуу репортаждарынан коркпостон, өз режиминин пропагандасын жайылтууга мүмкүндүк берет", - дешет петицияга кол койгондор.

Кат АКШда сот "Эркин Европа/Азаттыктын" USAGMге каршы арызын канааттандырган күнү жөнөтүлгөн.

14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп USAGM сыяктуу жети агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койгон.

15-мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттыкка” берилүүчү грантты токтотконун расмий кат аркылуу билдирген. Мындай катка бир нече апта мурда агенттикке улук кеңешчи болуп дайындалган Кэри Лейк агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучунун атынан кол койгон. Катта “бул грант мындан ары агенттиктин приоритеттерине шайкеш келбей калганы” жазылган жана кошумча эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

19-мартта "Эркин Европа/Азаттык" радиосу USAGMди жана уюмдун кызмат адамдары Кэри Лейк менен Виктор Моралести сотко берген. Буга алардын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иши үчүн бөлүнгөн, АКШ Конгресси жактырган грантка бөгөт коюп жатканы негиз болгон.

25-мартта Вашингтондогу федералдык округдук сот (Колумбия округу) "Эркин Европа/Азаттыктын" агенттиктин чечимине убактылуу бөгөт коюучу буйрук чыгарып берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Вашингтондогу сот соңку чечиминде USAGM "Эркин Европа/Азаттыктын" грантын токтотуп коюу маселесинде "өзүм билемдик" менен кадам таштагандай көрүнөт жана бул аракеттер ишке ашса, радиого "кайра калыбына келгис зыян" алып келмек деп билдирди. Анын алдында USAGM Конгресс бөлгөн каражаттын бир бөлүгүн бөлүп берүүгө макул болгон. Сөз болуп жаткан 7,46 миллион доллардык каражат радионун 1-марттан 14-мартка чейинки (USAGM каржылоону токтотконун жарыялаган күндүн алдындагы мөөнөт) чыгымын жабууга багытталган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России