Кыргызстанда 17,7 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы коюлду
Кыргызстанда жалпысынан а 17,7 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Бул тууралуу Сууу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 11 айдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Маалыматка караганда, сууну үнөмдөөгө багытталган мындай система Чүй облусунда көп коюула баштады. Ошондой эле Ысык-Көл облусу тамчылатып сугарууну өнүктүрүү боюнча пилоттук аймак катары тандалып алында.
"Өлкөдө 10 суу сактагыч толук бүттү, дагы ондогон объектилерде курулуш жана долбоорлоо жүрүп жатат. Быйыл 729 гектар жер жаңы өздөштүрүлүп, 22 миң гектардан ашык сугат жердин суу камсыздоосу жакшырды. Тарифтерди киргизүүнүн натыйжасында суу пайдалануудан түшкөн каражат 2,5 эсеге көбөйүп, 263 миллион сомду түздү. Бул каражаттар кайра эле ирригация объекттерин жакшыртууга багытталат",-деп жазылган.
Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев да дыйкандарга кайрылып, сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугарууга чакырган. Ал мындай ыкманы киргизүү үчүн мамлекет акча бөлүп жатканын, каалоочуларга атайын лизинг берилерин билдирген.
Төрөбаев өкмөт 2030-жылга чейин 200 миң гектарга ушундай системаны орнотууну пландап жатканын белгилеген.
БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму дүйнөнүн бардык аймактарында суу ресурстарын керектөө улам өсүп жатканын белгилеген. Ага ылайык, 2022-жылы дүйнөдө орточо "суу стрессинин" деңгээли 18 пайызга жеткен. Бирок айрым аймактарда бул көрсөткүч андан да жогору. Алардын ичинен Борбор Азия 70,2 пайызды түзүп, үчүнчү орунда турат.