Бишкекте ажырашкандан кийин аялын атып өлтүрүүгө шек саналган жаран кармалды
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен мурдагы аялын атып өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул туурасында шаардык милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, 47 жаштагы келин 48 жаштагы күйөөсү менен 23-декабрда сот аркылуу расмий ажырашкан.
Соттук жараяндан соң экөө кайым айтышкан учурда мурдагы күйөөсү тапанча менен келинди атып салган. Октон жарат алган келин эсине келбей каза болгон.
Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө башталды. Кылмышка шектүү кармалып, милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.