Польша Орусиянын биометрикалык паспорту жок жарандарын киргизбей турганын билдирди
2026-жылдын 1-апрелинен тарта Польша Орусиянын жарандарында бул өлкөгө кирүү учурунда биометрикалык паспорту жок болсо аларды киргизбей турган болду. Бул тууралуу Еврокомиссиянын расмий сайтында жазылат.
Ошондой эле Польша келерки жылдын 1-январынан тарта паспортунда биочип жок болгон орусиялык дипломатиялык жана кызматтык паспорттор менен кирүүгө тыюу салат.
Буга чейин ушундай эле тыюуну Дания, Исландия, Латвия, Франция, Чехия жана Эстония киргизген. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта бул өлкөлөрдүн катарын Германия, Румыния толуктаган.
2025-жылы Чехиянын Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган Ян Липавский Орусияга карата мындай талаптар улуттук коопсуздук маселелеринен улам келип чыкканын айткан.
"Биз кезектеги диверсияны каалабайбыз жана аны күтүп отурбайбыз. Биздин өлкөдө калгысы келген ар бир адам тек-жайын тастыкташы керек. Ошондуктан орусиялыктардын биометрикалык чиби жок паспорттору жетишсиз. Маселен дал ушундай паспорттордун ээлери 2014-жылы Врбетицедеги кампада жардырууларды уюштурган болчу", - деген Ян Липавский.
Ал эми Литванын бийлиги биометрикалык маалыматтары жок Орусиянын паспорттору бул өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан чет өлкөлүк операцияларды уюштурууда колдонулушу мүмкүн экенин билдирген. Ошол эле учурда бул эрежелер демократиялык кыймыл, оппозиция өкүлдөрү, ЖМКнын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн сырткары иштеши мүмкүн экени айтылган.
Орусияда жалпы жарандык паспорттун эки түрү бар, алардын бири биометрикалык маалыматтарды камтыса, экинчиси жөнөкөй. Биометрикалык чиби жок паспорттор беш жыл, чиби бар паспорттор он жылга жарактуу. (KS)