Садыр Жапаров Баетов–Кош-Дөбө жолунун көйгөйүн көтөргөн делегатка төрт-беш жыл чыдоо керектигин айтты
Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV элдик курултайдын экинчи күнүндө жарыш сөзгө чыккан, Баетов–Кош-Дөбө жолунун көйгөйүн айткан Нарындагы Ак-Талаа районунан келген делегет Анарбек Турдалиевге жооп берди.
Анда темир жол куруп жаткан компаниялардын машиналары жолду чаңдатып, бузуп жатканына төрт-беш жыл чыдаш керектигин билдирди.
"Делегат Баетов–Кош-Дөбө жолу бузулуп кетти дейт, жолубуздун баары бузулуп жатат, машиналар жолубузду талкалап жатат дейт. Эми, чыдап койгула. Көп болсо бир төрт-беш жыл чыдасаңар. Эмне, жүк ташыган машиналар асман менен жүрүшү керекпи? Талкаланган жолдун баарын асфальттап коебуз, бул темир жол Кыргызстанга түбөлүккө керек. Түбөлүк биз транзиттик өлкөгө айланып, ал жерден Кумтөрдөй эле пайда берет. Ары-бери өткөн поезддерден, жүктөрдөн эле алсак болот. Жолдун четинде жашаган айылдар, райондор өнүгөт. Эми ошол чаңдап атабыз, жолубуз бузулуп жатат дебей, чыдап тургула да",-деди Жапаров.
Ак-Талаада темир жолдун курулушу башталгандан бери ары-бери каттаган жүк ташыган машиналар буга чейинки таш жолду талкалап, жолдун четиндеги айылдарга чаңы сапырылып, мал-жандык дагы, тургундар дагы ооруп, кыйналып жатканын айтып, даттанып келишет.
Жергиликтүү тургундар мындай абалга дагы төрт-беш жыл кантип чыдашы керектиги тууралуу пикирин билдирише элек.
Буга чейин Нарын облусунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунда беш компания иштеп жатканы, андагы 1839 жумушчу кытай, ал эми 86сы кыргыз жараны экени белгилүү болгон.
Расмий маалыматка ылайык, бул жолдун 208 чакырымы аталган облустагы эки район аркылуу өтөт. Анын 130 чакырымы Ат-Башыга, ал эми 78 чакырымы Ак-Талаага туура келет.