Орусияда курулушта иштеген мигранттардын саны кескин азайды
Орусия өкмөтүнүн сайтына жарыяланган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта курулуш тармагында иштеген чет элдик жумушчулардын үлүшү 50 пайызга чейин кыскартылды. Документте мигранттарды башка тармактарда тартууга да чектөөлөр киргизилген.
Тактап айтканда, жашылча өстүрүүдө, токой чарбасында, жыгач иштетүүдө жана токой материалдарын дүң сатууда чет элдик кызматкерлер 50 пайыздан 40 пайызга чейин азайтылды. Ал эми алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатуу тармагында мигранттарды иштетүүгө толук тыюу салынды.
Коомдук тамактануу жайларында болсо чет элдик жумушчулардын үлүшү 100 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
Эми иш берүүчүлөр чет элдик кызматкерлердин санын көрсөтүлгөн ченемден көбөйтпөөгө милдеттүү.
"НОСТРОЙ" уюмунун президенти Антон Глушковдун айтымында, кыска жана орто мөөнөттүү келечекте мигранттардын үлүшүнүн азайышы курулуш компанияларынын ишин татаалдаштырышы мүмкүн. Жаңы чектөөлөр айрыкча жөнөкөй, квалификация талап кылынбаган жумуштарда кадр тартыштыгынын күчөшүнө алып келиши ыктымал.
Глушков ошондой эле, эгерде чет элдик жумушчуларга карата квоталарды азайтуу тенденциясы кийинки жылдары да уланса, бул Индиядан жумушчу күчүн тартууга да терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин РИА Недвижимость агенттигине курган маегинде белгиледи.