Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Ири масштабдуу операция". Венесуэладагы өзгөчө кырдаал, Трамптын билдирүүсү

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Венесуэлага чабуул коюп, бул өлкөнүн авторитардык лидери Николас Мадурону жана анын жубайын кармап, чыгарып кетишкенин 3-январда билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.

Трамптын айтымында, операция күч органдары менен биргеликте ишке ашырылды.

"Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага жана анын лидери, президент Николас Мадурого каршы ири масштабдуу операцияны ийгиликтүү жүргүздү, ал кармалып, аялы менен кошо өлкөдөн чыгарылды. Бул операция АКШнын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлдү", - деп билдирди Трамп.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилери маалымдалды. Ак үй, Пентагон жана Мамлекеттик департамент азырынча эч кандай расмий билдирүү тарата элек.

Венесуэланын борбор калаасы Каракаста 3-январга караган түнү бир нече жарылуу болгонун CNN телеканалынын кабарчылары жеринен маалымдашты. Алардын айтымында, шаардын айрым райондорунда электр жарыгы өчүп калды.

AP, AFP жана Reuters маалымат агенттиктери да шаардын үстүнөн учактар учуп, түтүн көрүнүп жатканын, түштүк чет жакасында жайгашкан аскердик аэропорттон алыс эмес жерде электр жарыгы өчкөнүн кабарлашты.Биринчи жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен түнкү саат 1:50дө болгону, андан кийинки жарылуунун толкуну катуу болгондуктан айрым имараттарда терезелер калдыраганы кабарланды.

Жарылуудан кийин асманда учактар учуп жүргөнү угулган.

CNN жарыялаган видеолордун биринен түнкү шаардын эки жеринде өрт тутанып, түтүн тарап жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери Каракастын түндүк тарабындагы Ла-Гуайра штатында, жээкте жана Миранда штатындагы Игуэроте шаарында да жарылуу болгонун жазышты.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро жарылууларды "АКШнын чабуулу" деп атап, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Анын билдирүүсүндө соккуга борбор калаа Каракас жана Миранда, Арагуа, Ла-Гуайра штаттары кабылганы айтылып, социалдык жана саясий күчтөргө "мобилизация планын активдештирүү" чакырыгы камтылган.

Өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылып, АКШны жоопко тартууга чакырды.

Коңшу өлкө Колумбия БУУну жана Америкалык мамлекеттер уюмун чукул арада жыйынга чогулууга үндөдү.

"Алар Каракасты бомбалап жатышат. Венесуэла кол салууга кабылды", - деп жазды Колумбиянын президенти Густаво Петро.

Мадуронун расмий резиденциясынын тегерегинде куралчан аскерлер жана бронетехника турганы кабарланууда.

CBS News каналынын журналисти Женнифер Жейкобс Венесуэлага чабуул коюу тууралуу буйрукту АКШ президенти Дональд Трамп бергенин билдирген. Ушундай эле маалыматты өз булактарына таянып Fox News жарыялаган.

Соңку маалымат боюнча, АКШ президенти Дональд Трамп америкалык күчтөрдүн "масштабдуу соккусунан кийин" Венесуэланын башчысы Николас Мадуро колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Мадуро - Венесуэланын солчул президенти Уго Чавестин авторитардык мураскери. Оппозиция жана укук коргоочулар анын режимин шайлоодогу бурмалоолорго жана адам укуктарынын бузулушуна айыптап келишет.

АКШ бийлиги Венесуэла өкмөтүн мыйзамсыз деп атап, Америкага маңзат аткезчилигин уюштурууда деп айыптап келет. АКШнын аскер жетекчилиги Венесуэлага сокку уруу мүмкүндүгүн караштырып жатканы буга чейин кабарланган.

Мадуро бардык айыптоолорду четке кагып, Кошмо Штаттар маңзат аткезчилигин шылтоолоп, өлкө жетекчилигин бийликтен кетирүүнү көздөп жатат деп билдирген.

Макала жаңыланууда

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России