Жаңыл Жусупжандын “Топоз, Уаз жана Биз” аттуу китеби жарык көрдү
Журналист, режиссер Жаңыл Жусупжандын Памирде жашаган кыргыздар тууралуу “Топоз, Уаз жана Биз” аттуу китеби жарык көрдү. Анда Памир тоолорун жердеген Тажикстандын Мургаб районундагы Сары-Кол аймагын жердеген кыргыздардын жашоо-тиричилиги, ой-санаасы жана тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү баяндалган. Китепте чейрек кылымга жакын убакта топтолгон маалыматтар камтылган.
Китептин бет ачары 21-январь күнү Бишкекте өтөт. Уюштуруучулардын маалымдашынча, китептин бет ачарында жергиликтүү кыргыз кол өнөрчүсүнүн “Памир элестери” аттуу сайма коллекциясынын да көргөзмөсү болот.
Жаңыл Жусупжандын Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” даректүү тасмасы Францияда "Жашоо издери" кинофестивалына жана Чехиядагы эл аралык кинофестивалдарга катышкан.
Улуттук премьерасын 2016-жылы "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фонду кыргызстандык көрүүчүлөргө тартуулаган. Иш-чарага Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси катышып, тасманы "Достукка көпүрө болчу фильм" деп айткан.
Жаңыл Жусупжан мындан тышкары четтеги кыргыздар тууралуу ой толгогон "Жигиттин гүлү, кайдасың", "Үркөр, үркөр — үч жылдыз, үркүп кайда барасың" аттуу толук метраждуу даректүү көркөм тасмаларды жараткан кинорежиссер. (ZKo)