Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы кызматтан алынды
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы Курманбек Сокеев кызматтан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары жана департаменттин жетекчиси болуп 2025-жылдын апрель айынан бери иштеп келаткан.
Кыргызстанда аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон окуялар утур-утур катталып жатат. 5-январда эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер өз жанын кыйган.
Жоокерди өзүнө кол салууга жеткирген деген айып менен 20 жаштагы аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген. Аскер прокуратурасы тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирген. (BTo)