Токаев Казакстан бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-январда өлкө бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялады.
Ал жаңы парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жыл деп белгилөөнү, комитеттердин санын сегизге кыскартууну сунуштады. Депутаттар пропорционалдык система же партиялык тизме менен шайланат. Аймактарда мажоритардык система калат.
Мындан тышкары Казакстан элинин ассамблеясынын квоталары алынууда.
Бир палаталуу жаңы парламентти президент «Курултай» деп атоону сунуш кылды. Ал 145 депутаттан турары айтылды. Азыр Казакстандын эки палаталуу парламенти 148 депутаттан турат (98и — мажилисте, 50сү — сенатта).
Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык Конституциялык сот, Жогорку аудитордук палата жана Борбордук шайлоо комиссиясына бардык дайындоолор парламенттин макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Азыркы Конституция боюнча бул кызматтарга дайындоо укугу парламенттин эки палатасы жана президенттин ортосунда бөлүнгөн.
Бүгүн Казакстандын түштүгүндөгү Кызылордо шаарында Улуттук курултайдын жыйыны өтүп жатат.
Анда президент Токаев өлкөдө 30 жыл мурда жоюлган вице-президент кызматы кайрадан киргизилерин айтты.