Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Иран: АКШ кандай аскердик кадам жасайт?

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Жакынкы Чыгышка атайын учактарды, аба чабуулунан коргоочу системаларды жана миңдеген аскери бар аба кемелерин жайгаштырып жатканын талдоочулар маалымдоодо. Мунун баары, алардын белгилешинче, Иран менен алакада чыңалууну жаратып, аскердик аракеттер ыктымалдыгын жогору кылууда.

Иранда жыл аягында тутанган акциялар учурунда АКШ президенти Дональд Трамп демонстранттарга каршы күч колдонулса бул өлкөнүн аймагына "аскердик чабуул жасалышы ыктымал" экенин айткан. Кийин ал мындай кадамга барбай турганы белгилүү болгон. Дээрлик эки аптадан ашуун уланган нааразылык акцияларын бийлик ырайымсыздык менен, күч колдонуп баскандан кийин миңдеген адамдын өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтар ачыкка чыгууда.

Трамп Иранга каршы аскердик операциядан баш тартканы менен мындай ыктымалдык толук жокко чыгарылган эмес.

АКШ бул аймакта деңиз флотунун машыгууларын пландаштырып жатканы, ошону менен катар анын аскердик күчтөрүнүн көбөйүшү, эксперттердин пикиринде, расмий Тегеранга басымды күчөтүүдө. Эгерде Вашингтон Иранга кол салууну чечсе, ага чабуул коюу үчүн бул көбүрөөк аскердик мүмкүнчүлүктөрдү берет.

"Мунун баары Иранга "Биз даярбыз, тийиштүү мүмкүнчүлүктөрүбүз бар" деп көрсөтүү аракети болушу мүмкүн", - деди Вашингтондун Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун улук илимий кызматкери Фарзин Надими "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Фарда" радиосуна курган маегинде.

Надими АКШ Перс булуңунда аскердик күчтөрүн "ачык агрессивдүү" түрдө топтоп жатканын белгилеп, америкалыктардын Иранга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн "өтө жогору" деп баалады.

Учак ташуучу USS Abraham Lincoln кемеси жана аны коштоп жүргөн үч эсминец Жакынкы Чыгышка 5000ден ашык аскер менен бара жатат. АКШнын Борбордук командачылыгы аймакка F-15E Strike Eagle согуштук учактары жайгаштырылганын билдирди.

Ал тапта АКШнын аскер-аба күчтөрү 25-январда Жакынкы Чыгышта "аймакта согуштук аба күчүн жайгаштыруу, бөлүштүрүү жана колдоо жөндөмүн көрсөтүү" үчүн көп күндүк аскердик машыгуу баштоого даярданып жатканын билдирди.

Былтыр Ирандын өзөктүк объектилери жайгашкан жерлерге Израил, андан кийин Вашингтон абадан чабуул коер алдында Кошмо Штаттар аталган аймакка аскердик күчтөрүн жөнөткөн окуяда да дал ушул сыяктуу абал түзүлүп турган эле.

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бутагы болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусу буга жооп катары күжүрмөн даярдык деңгээлин жогорулатып, Ирактагы, Ливандагы жана Йемендеги Иран колдогон куралдуу топторду Тегеранга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Кооптуу коркунучАКШнын медиа каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, Трамп Иранга карата бир катар аскердик варианттарды караштырып жатат. Алар узак мөөнөттүү, жумалап же айлап созулушу мүмкүн болгон аба соккуларынан тартып, анча көп эмес, негизинен Ирандын коопсуздук күчтөрүн бутага алуучу "символикалык түрдөгү соккуларга" чейинки аракеттер. Ошону менен катар аскердик эмес, кошумча экономикалык санкциялар сыяктуу да варианттар талкууланганы кабарланууда.

Эксперттердин айтымында, АКШнын Иранга каршы аскердик аракеттери, кандай гана болбосун, өтө кооптуу жана тирешке бүткүл аймакты кептеши мүмкүн. Себеби Тегеран АКШнын Перс булуңундагы базаларына, ошондой эле АКШнын негизги өнөктөшү болгон Израилге сокку урууга убада берди.

"Кандай болуп кетет, АКШнын союздаштарына каршы чабуулдарбы же Перс булуңундагы кемелерге чабуулдарбы, эч ким алдын ала божомолдоп айта албайт. Аймактагы өнөктөштөр мындайга баргысы келбейт", - деди "Фардага" курган маегинде мурдагы ирандык дипломат Мехрдад Хансари.

Аймактагы өлкөлөр Вашингтонго жеке кайрылып, сабырдуулукка чакырып, АКШ менен Ирандын ортосундагы тиреш кеңири масштабдуу жаңжалды жаратышы мүмкүн деген кооптонуусун айтып жатышат.

Хансаринин пикиринде, эгер Вашингтондун көздөгөнү акыры Ирандагы режимди кулатуу болсо, анда жөө аскерлерсиз, абадан эле сокку уруу менен бул максатка жетүү мүмкүн эмес.

Ал эми көптөгөн аскердик эксперттер Жакынкы Чыгыштагы эң ири жана калкы эң көп өлкө болгон Ирандын аймагына жерден кирүү аткарылгыс вариант деп эсептешет.

"Мунун баары ирандык режимдин үстүндө илинип турган "Дамокл кылычындай" болуп ачык турат. Бирок аба чабуулу менен эле иш бүтүп калбайт, режимди антип кулатуу же анын коопсуздук күчтөрүн жок кылуу мүмкүн эмес", - деген дипломат өкмөттүк күчтөр соккулар учурунда жөн гана жашына калып, андан кийин кайра пайда болот деген божомолун кошумчалады.

Кырдаал кандай болушу мүмкүн?Надиминин пикиринде, АКШнын жакынкы күндөргө пландалып жаткан аскердик машыгууларынын артында чыныгы операция максаты да турушу мүмкүн.

Кошмо Штаттар Ирандын радиолокациялык жана коммуникациялык түйүндөрүнүн ишине тоскоолдук жаратыш үчүн радиоэлектрондук күрөш жана киберчабуул каражаттарын колдонушу мүмкүндүгүн белгилеген дипломат андан соң жашыруун бомбалоочу жана башка атайын учактар Ирандын аба чабуулунан коргонуучу системаларынын ишин үзгүлтүккө учуратышы, командалык борборлорго жана ракеталык түзүлүштөргө сокку урушу ыктымал экенин кошумчалады.

Бирок эгер жаңжал тутанса, Иран коргоосуз калбайт деген оюн айткан да талдоочулар жок эмес.

Иран Перс булуңунун жабык сууларындагы АКШнын согуштук кемелерине коркунуч келтире алуучу канаттуу ракеталарга, ошондой эле аймактык базаларга сокку урушу мүмкүн болгон баллистикалык ракеталарга ээ. Өткөн деп алыш күндөрү Иран мына ошону көрсөтүш үчүн Тегерандын башкы аянттарынын биринде АКШнын ракеталар менен аткыланып, жабыркаган учак ташуучу кемесинин сүрөтү тартылган чоң баннер орнотуп койду.

"Вашингтон "символикалык түрдөгү сокку" ура турган болсо да Иран ошого жараша жообун бере алат", - деди Вашингтондун Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун улук илимий кызматкери Фарзин Надими.

Макаланын автору Kian Sharifi, RFE/RL's Radio Farda

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России