Балташев депутат Көкүловдун сөзүн журналисттерге кысым деп баалады
“Журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун парламенттин трибунасында журналисттерге жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу билдирүүсүн журналисттерге кысым катары баалады.
Ал депутатты кайсы бир журналистке же медиа уюмга карата мыйзам чегинде далилдүү дооматтары болсо сот жана укук коргоо органдарына кайрылууга чакырып, бир да чиновниктин же эл өкүлүнүн жалпы журналистикага жалаа жабууга моралдык да, мыйзамдык да акысы жок экенин кошумчалады.
“Журналисттер саясатчылардан акча алат”, “журналистиканын мыйзамын силерден жакшы билем” деген сыяктуу билдирүүлөр жеке эмоциянын же таарынычтын негизинде айтылган болсо да бул жалпы журналисттер жамаатына жалаа жабуу катары кабыл алынат. Кыргызстанда журналистика бул жеке адамдардын эмес, коомдук кызыкчылыктын негизинде иш алып барган институт. Эгерде кайсы бир журналист мыйзам бузса, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баа берилет. Бирок жеке пикир келишпестикти же жеке тажрыйбаны негиз кылып, бүтүндөй кесипке көлөкө түшүрүү - бул эл өкүлүнө жарашпаган көрүнүш”, - деди ал.
Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин 29-январдагы отурумунда борбордук трибунада Ысык-Көлдөгү мамлекеттик “Аврора” санаторийинин ашканасынын абалы тууралуу сөз сүйлөгөн.
Ал эс алуу жайын текшерип, видеого тартып кеткенден кийин санаторийдин жетекчиси жооп катары элди адаштырган тасма жарыялап, аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарганын сынга алган. Ошондой эле “Авроранын” жетекчилигинин видеосун жарыялаган айрым ЖМКлардын аттарын да атаган.
“Кыргызстанда журналисттер калган жок. Мен силердин мурдагы кесиптешиңермин. Журналистиканын мыйзамын жакшы окуган үчүн мен, “Не сахар” долбоору ушул деңгээлге жетти. Булар мени жамандап жазат. Ушул жерден жакшы эле сөз сүйлөйм. Барсам эле кесип-кесип жамандап чыгарып коюшат. Эмне себеп десем, көрсө, булар бизнес кылат экен. Карасам, менин кесиптештерим жакшы эле чыгат, меникин эле кесип-кесип чыгарат. Акча алышат экен”, - деген ал.
Эрулан Көкүлов кайсы журналист же маалымат каражаты кимден канча каражат алганы тууралуу так маалымат айткан жок.
Эрулан Көкүлов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Коомчулукка блогер катары таанылган. 2018-жылдан бери “Не сахар” долбоорунун алып баруучусу болгон. Блогер мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ашкерелөөгө аракет кылганы менен таанылган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Реформа” партиясынан катышкан. Шайлоо бүткөндөн кийин партиядан чыкканын жарыялаган. 2021-жылдагы шайлоодо “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо №28 округдан депутат болуп шайланган. (BTo)