Инвестиция агенттиги америкалык компания менен Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады
3-февралда Бишкекте президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте америкалык All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан Макмал – Каракол темир жолун куруу долбоорун талкуулашты.
“Талкуунун жүрүшүндө темир жол тармагында алдыңкы жана инновациялык технологияларды тартуу жана колдонуу, ошондой эле дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорду ишке ашыруу региондордун транспорттук байланыштуулугун жогорулатууга, өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө жана экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт”, - деп жазылган маалыматта.
Улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров долбоор өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин белгилеп, аны практикалык жүзөгө ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Тараптар мындан аркы кызматташууга өз ара кызыкдар экендиктерин белгилеп, долбоорду илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.
Былтыр 19-февралда Бишкекте ушул каттамдагы темир жолдун курулушу боюнча макулдашууга макулдашууга президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун өкүлдөрү кол койгон.
Анда долбоорду ишке ашыруу бир жылдын ичинде баштала турганы кабарланган. Ошол кездеги маалыматка ылайык, темир жолдун узундугу 200 чакырымдан ашык болуп, ага 3 миллиард долларлык инвестиция салынмак.