Израил армиясынын соккуларынан Газада 21 киши набыт болду
Израил армиясынын 4-февралдагы аба соккуларынын натыйжасында Газада 21 адам каза тапты, анын алтоо балдар. Бул тууралуу жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери билдиришти.
Израил армиясы муну өз аскерлерине куралчан адамдардын чабуулуна жооп бергенин билдирди. Ал чабуулда израилдик бир жоокер оор жаракат алганы маалым болду.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын октябрь айындагы ок атышпоо келишиминен кийин Газада ок атышпоо чеги же "сары сызык" пайда болгон. Ал израил күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарды палестиндер жашаган аймактардан бөлүп турат.
Январь айында АКШ президенти Дональд Трамп ок атышпоо келишиминин экинчи баскычы башталганын жарыялап, анда Газаны келечекте башкаруу жана калыбына келтирүү маселелери талкууланары айтылган.
Бирок Израил аскерлерин азыр алар көзөмөлдөп турган Газадагы аймактардын 50% ашыгынан чыгарып кетүү жана ХАМАС тобун (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) куралсыздандыруу сыяктуу негизги маселелер чечиле элек.
Газадагы саламаттык сактоо кызматтарынын маалыматына ылайык, ок атышуу токтогон былтыр октябрь айынан бери Израил армиясынын огунан кеминде 530 палестин, негизинен жайкын тургундар каза болгон. Ушул эле мезгилде газалык жоочулар Израилдин төрт жоокерин өлтүргөн.
Акыркы эки жылдагы Израилдин Газадагы операцияларынын натыйжасында 71 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, калктын басымдуу бөлүгү жер которууга мажбур болуп, анклавдын көп бөлүгү урандыга айланган. Бул операция ХАМАСтын чабуулуна жооп катары башталган.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунан болжол менен 1 200 адам каза болгон.