Балдарга, аялдарга каршы оор кылмыш жасагандарды өмүр бою абакка кесүү сунушталды
Президенттин администрациясы Кыргызстанда балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмышка, анын ичинде зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүүгө айыпталгандарды өмүрүнүн аягына чейин абакка кесүү сунушун берди. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документтин маалымкат-негиздемесинде өлкөдө балдар менен аялдарга каршы кылмыштар көбөйгөнү айтылат.
Ушундан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин “Зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон” бөлүгү менен соттолгондор өмүр бою эркинен ажыратылат. Андан тышкары 14 жашка толо элек баланы же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди зордуктаган деген кине менен айыпталгандар да күнөөсү далилденсе өмүр бою кесилет.
Буга чейин Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүп, мындай кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөргөн.
Конституциялык сот 2025-жылы 10-декабрда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунушун карап, аны четке каккан. Консот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келген.
Былтыр он айда 18,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик 28% көп. Өлкөдө балдарга, аялдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып келет. (BTo)