Iran Human Rights: Иранда 26 адам өлүм жазасына өкүм кылынды
Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights уюмунун маалыматына караганда, Иранда соңку нааразылык акцияларына катышкан кеминде 26 адам өлүм жазасына өкүм кылынды. Укук коргоо уюму билдиргендей, дагы жүздөгөн демонстранттарга, анын ичинде жашы жете электерге өлүм жазасы каралууда.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 16-февралда Ирандагы сот бийлигинин башчысы “башаламандык жана теракттар үчүн негизги күнөөлүүлөрдү куугунтуктап, жазалоо” жана “катуу, эч кандай жеңилдиксиз чара көрүү” тууралуу буйрук берилгенин ырастаган.
Январь айынын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Иран бийлигинин өкмөткө каршы акциялардын катышуучуларын өлүм жазасына тартуу ниети жок экенин билдирген.
Ошол эле учурда ал эгер мындай өкүмдөр аткарыла баштаса өтө катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.
Азырынча өлүм жазасына өкүм кылынгандардын саны боюнча укук коргоочулардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу расмий маалымат жарыяланган жок.
Ирандагы соңку нааразылык акциялары 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Башында митингге чыккандар экономикалык кризиске, улуттук акча риалдын кескин арзандашына жана инфляцияга байланыштуу талаптарды коюшкан. Кийинчерээк бийликке каршы ураандар жана монархияны калыбына келтирүү чакырыктары жаңырган.
Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Human Rights Activists in Iran (HRAI) көз карандысыз укук коргоо уюму 15-февралга карата кеминде 53 552 адам камакка алынганын билдирген.
"Фарда" радиосу сот тармагынын өкүлүнө таянып, нааразылык акцияларына байланыштуу кеминде 23 миң кылмыш иши козголгонун жазган.