Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев жана Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев иштен кетти.
Президенттин администрациясы алар берген арызынын негизинде кызматтан алынганын кабарлады.
Манас Мураталиев бул кызматта 2023-жылы июнь айынан тарта иштеп келе жаткан.
Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп 2024-жылы августта дайындалган жана ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген.
Табалдиев тууралуу соңку күндөрү социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап жаткан.