Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Ал кылмышкер эмес". Күйөөсүн Кытайдан куткарып, эми казак сотунан акыйкаттык күткөн Оралхан

Таңкы саат беш. Оралхан Абен түнү даярдаган тамагын көтөрүп Алматыдан Талдыкоргонго жөнөдү. Мектепте тазалоочу болуп иштеген Оралхан жумушунан жумасына эки жолу суранып, өткөн күздөн бери түрмөдө отурган күйөөсү Турсынбек Кабинин сотуна катышуу үчүн Талдыкоргонго барып келет.

Турсынбек Каби Кытайга каршы тынч митингге катышкандан кийин "кастыкты козутуу" деген айып менен кармалган.

Оралхан 45 жашта. 2017-жылы күйөөсү Кытайдын Шинжаң аймагына барып кармалып калганда ал Талдыкоргондон Алматыга каттап, мамлекеттик органдарга, укук коргоочуларга жана эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурачу.

– Ал кезде мен Талдыкоргондо ресторанда иштечүмүн. Жумуштан түнкү саат 2де чыгып, саат 5тер чамасында такси менен Алматыга жөнөйт элем. Эми, минтип, Алматыдан Талдыкоргонго барып келип жатам, - дейт Оралхан.

Кытайда абакта бир жарым жыл отурган соң Турсынбек Каби бошотулуп, Казакстанга, үй-бүлөсүнө кайтып, аялы жана үч баласы менен Алматынын жанындагы Алмалыбак айылына көчүп келген.

"АТА ЖУРТ" АКТИВИСТТЕРИНИН СОТУ23-январда Талдыкоргон шаарында "Ата журт" кыймылынын 19 активисти боюнча "улут аралык кастыкты козутууга" байланыштуу сот отуруму жабык өттү. Отурумга журналисттердин катышуусуна уруксат берилген жок. Соттолуп жаткан активисттердин туугандарынын ишти ачык кароо өтүнүчү канааттандырылган жок.

Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("кастыкты козутуу") боюнча айыпталган 19 адамдын 16сы Кытайда төрөлүп, кийин Казакстанга көчүп келип, жарандык алган этникалык казактар. Баары "Ата журт" кыймылынын мүчөсү. Бул кыймыл Казакстанда расмий каттоодон өткөн эмес.

Алгачкы отурумда сот айыпталуучулардын коомдук жактоочу катары таанылган жакындарына отурумга катышуусуна уруксат бергендиктен Оралхан сотко катышарына ишенген. Бирок сот залына кире албай калган аял ызасынан көз жашын тыя албай, ыйлап чыкты.

– Ансыз да Кытай байымды бала-чакасынан эки жыл айырды. Эми минтип казак абагында жатканына үч ай болду. Казакстан дегенибиз ушубу? – деп кейиген Оралхандын жанындагы кызы да кошо ыйлады.

Сот имаратынын алдында ыйлап тургандардын көпчүлүгү аялдар. Абактагыларга колдоосун көрсөткөнү келгендердин көбү Кытайдан Казакстанга которулган туугандары.

Талдыкоргондо абакта отурган 19 киши былтыр 13-ноябрда Алматы облусунун Калжат айылынын жанында өткөн акция үчүн кармалгандар. Ал чакан акцияда Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин сүрөтү жана желеги өрттөлгөн. Чогулгандар Шинжаңда ар кандай шылтоо менен кармалып, "кайра тарбиялоо лагерлерине" камалып жаткан этникалык казактарды бошотууну жана эки өлкөнүн ортосундагы азыркыдай визасыз режимди алып салууну талап кылышкан. Нааразылык акциясынан кийин баары камакка алынып, алгач административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Бирок кийин кылмыш иштери козголгон.

Абактагы башка активисттердин да Оралхандай эле коомдук жактоочу деп таанылган жакындарын киргизишкен жок.

– Сот башталып калды. Мен эч кимди киргизе албайм, – деди аларга соттук мекеменин кызматкери.

Сот отуруму саат 11де башталып, бир сааттан ашык убакыттан кийин аяктады. Отурумга катышып чыккандар: «Судья силерге (коомдук жактоочуларга) келбегиле деп айткан жок беле?» – деп айтып жатышты. Сот имараты алдында топтолуп тургандар муну угуп, ачууланып: «Ушу кантип болсун? Биз эртең мененден бери бул жердебиз, канча чакырым жол жүрдүк. Бизди алдап коюшту!» – дешти.

– Алар бизди улам алдап, «кийинки сотто киресиңер» деп айтып келишет. Бүгүн да бизди киргизишкен жок. Эмне үчүн бул сотту жабык өткөрүп жатышканын түшүнбөйм. Балким, алар өз кылмышы ачыкка чыкпашы үчүн жабык өткөрүп жатышкандыр, болбосо, иште кылмыш жана купуя маалымат жок, – дейт Оралхан Абен.

Ыйлап, нааразы болгондорду уккан сот администрациясынын өкүлү аларга чыгып, кайрадан: "Кийинки отурумда киресиздер" деди.

Өткөн айда Human Rights Watch жана Amnesty International эл аралык уюмдары казак бийлигин камакта отурган 19 адамды бошотууга жана аларга коюлган айыптарды алып салууга чакырышкан.

КЫТАЙГА БАРЫП, КАЙТПАЙ КАЛГАНОралхан Абен күйөөсүнө кылмыш беренеси боюнча айып тагылып жаткан себебин Кытай бийлигинен көрүүдө. Анткени бул окуяда башында активисттерге административдик жаза гана колдонулган. Бирок кийин кылмыш иши козголгон. Ошол учурда Кытай бийлиги "Ата журт" активисттерине байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырганы белгилүү болгон.

- Казакстанда туруп өз жаранын "Кытайдын өтүнүчү менен" кармап туруу уят иш. Менин күйөөм эч кандай кылмыш жасаган эмес. Ал Алимнур Турганбай үчүн арачы болуп суранды. Кытайдан чыга албай, камалып калганда ал өзү да кордукка кабылып, жазаланган. Алимнур да ошондойго кабылганын көрүп ачууланган окшойт. Кытай өзү да аны дал ушундай кылууга түртүп жатат, - деди Оралхан күйөөсүн коргоп.

Алимнур Турганбай 2016-жылы Кытайдан көчүп келип, Казакстандын жарандыгын алган. Өткөн жылдын июль айында ал Кытайга иштери боюнча кетип, ошо бойдон кайтып келе элек. Кытай бийлиги аны кош жарандыгы бар деген шек менен кармаганы маалым болгон. Бирок, жакындарынын айтымында, Алимнурдун Кытай паспорту 9 жыл мурда жокко чыгарылган.

Оралхандын күйөөсү Турсынбек Каби да 2017-жылы Кытайга кетип, кармалган. Документтерин полиция тартып алган. Расмий түрдө эч кандай айып тагылган эмес. Бир жарым жылдан кийин гана Казакстанга кайткан соң Кытайда аны алгач жети күн түрмөнүн жертөлөсүндө кармап, кордошконун, узак убакыт бою үй камагында кармашканын айтып берген. Анда да Оралхан күйөөсүнүн укугун коргоп, жардам сурап, түрдүү мекеме-уюмдарга кайрылып, аракетин көргөн эле.

- Анын Кытайда камакка алынгыдай эч кандай күнөөсү жок болчу. Алар аны "эмне үчүн аялыңды жана балдарыңды Казакстанга көчүрүп кеттиң?" деп гана күнөөлөшкөн, - дейт Оралхан.

Оралхандын айтымында, күйөөсү Кытайдан эки кулагынын тең тарсылдагы жабыркаган абалда келген. Ал Казакстанга кайткандан 10 күн өткөндөн кийин ооруканага жаткырылган.

2021-жылы Талдыкоргондон Алматы облусуна көчүп келгенден кийин Турсынбектин ден соолугу начарлап, улам ооруй бергендиктен дарыгерлерге көрүнгөн. Ошондо ал тизесинде кандайдыр бир темир бар экенин билген. Аялынын айтымында, өткөн жылдын июль айында аны операция жасатып алдырып салды.

Оралхандын Шинжаңда жашаган апасы да 2018-жылы "кайра тарбиялоо лагерине" камалган. Карыя 10 айдан кийин гана бошотулган.

- Жолдошум менен апамдын бошотулушун талап кылып жүрүп Астанадагы Кытай элчилигине барып: "Лагерде камап отурасыңар" десек алар: "Лагерь эмес ал, окутуу жана тарбиялоо борбору" дешти. 70 жашка келген кемпирге эмне билим, эмне тарбия беришмек эле?! – дейт Оралхан кайгырып.

"МЕКЕНИБИЗДИ САГЫНЫП"Кытайдын Тарбагатай аймагынын Дүрбүлжин районунун Курти кыштагында жашаган Турсынбек Каби үй-бүлөсү менен Казакстанга 2016-жылы көчүп келген. Алар Талдыкоргондон жер сатып алып, үй курушкан. Оралхан балдарын Казакстанда мектепке жөнөткөн биринчи күнү өзгөчө толкунданганын эстейт.

– Биринчи коңгуроодо гимн ойнолгондо ыйлабай коё алган жокмун. Айланамдагы башка ата-энелер таң калышкандыр. Бирок биздин жүрөгүбүз толкунданды, – дейт ал.

Оралхан Кытайда жүргөндө күйөөсү менен Казакстанга чектеш жерге көп барып, алыстан мунарага окшогон казак айылдарын карап отуруп ата журтун абдан эңсегенин айтат.

– Ал жерден салкын желдин илеби келип турар эле. Көк чөп жайкалып өсүп, таза аба... Ошондо "Чиркин, ушу Казакстанга таманыбыз тиер бир күн болот бекен, өз ата журтубузга жетебизби" деп бир-эки саат отуруп, кыялданчубуз", – дейт Оралхан.

Анын айтымында, Казакстанга келген алгачкы жылдар, айрыкча тил жагынан оңой болгон жок.

– Биз орус тилин билбейбиз. Өмүрүбүздө орус тилин уккан эмеспиз. Дүкөндөн бир нерсе сатып алгыбыз келсе түшүндүрө албайбыз, себеби орусча айтышыбыз керек. Дудук баладай болуп колубузду жаңсап көрсөтчүбүз. Казак мамлекетинде жашап казактын казакка котормочу болгонун көрүп капа болдум, – дейт ал.

Оралхан үй-бүлөсүнүн Казакстанга көчүп келишине Кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы көзөмөлдү күчөтүшү себеп болгонун айтууда. Жубайлардын ортосунда эки кыз, бир уул өсүп келе жатат. Оралхан өзү кытай тилин билбейт.

– Менин эки кызым казак тилинде окуган. Кичүү кызым төртүнчү классты, ал эми улуу кызым тогузунчу классты казак тилинде аяктаган. Бирок андан кийин казак мектептери калган жок, – дейт Оралхан.

Шинжаңда казак тилиндеги программалар акырындык менен телекөрсөтүүдөн жоголуп, балдар көргөн бардык мультфильмдер жана тасмалар кытай тилине которулуп кеткен. «Мурда казак каналдары бар болчу. Кийин телевизорду күйгүзсөң эле баары кытай тилинде болуп калды. Азыр балдар тили чыгар замат кытайча сүйлөшөт», - дейт ал.

Оралхан да, күйөөсү да жашаган жеринде кырдаал акырындык менен өзгөрүп жатканын байкашкан.

– Казак мектептери бара-бара жабылып, мечиттер бузулуп жатты. Эне тилинде окуу жана дин тутуу кыйындай түштү. Келечекте эмне болот деп коркчубуз. Уул-кыздарыбыз бөтөн чөйрөдө тамырынан ажырап калбасын дедик. Шинжаңда көзөмөл күчөп, элди "окутуу" программалары жаңы гана башталып жаткан эле. Казакстанга бара тургандарды үч күн же бир жума "окутат" деп айтышты. Биз ошол саясатына илинбей, эртерээк көчүп кеттик, – дейт Оралхан.

Кытай бийлигинин Шинжаңдагы "окутуу" сабактары тууралуу Оралхан ал жакка кийин барган адамдардан уккан. Ал муну билим берүүнү эмес, жалпы коомду өзгөртүүгө багытталган саясат катары түшүнгөн.

– Бул кытайлаштыруу саясаты. Баарын орток тилге өткөрүү. 2018-жылы балдарга ата-энеңер менен казакча сүйлөшпөгүлө, орток тилде сүйлөшкүлө деген талап коюлган, – дейт ал.

БУУнун маалыматы боюнча, 2017-жылдан бери Кытай бийлиги өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы Шинжаңда Бээжиндин кысымы күчөгөндөн бери бир миллиондон ашык уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарынын өкүлдөрүн атайын лагерлерге мажбурлап жөнөткөн. Алар Кытайдын мыйзамдарын жана Коммунисттик партияны даңазалаган ырларды жаттоого жана кытай тилин үйрөнүүгө мажбурланган. Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар муну "өлкөнүн түрк тилдүү мусулман азчылыгына каршы системалуу кылмыш" деп аташкан.

Кытай бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, лагерлерди "кайра тарбиялоо борборлору", ал эми Шинжаңдагы саясатын "экстремизмге каршы күрөш" деп атап келет. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Шинжаңдагы абалды "бактылуу жашоо" деп көрсөткөнгө аракет кылышат.

Он миңдеген казак жаранынын Шинжаң менен үй-бүлөлүк же маданий байланыштары бар.

ТЕРГӨӨ АБАГЫКазакстандын Ички иштер министрлигинин Кылмыш-жаза аткаруу системасы комитетинин Талдыкоргон шаарындагы №71 мекемесинин (тергөө абагы) кире беришинде 12 адам турат. Баарынын колунда тамак-ашка толгон баштыктар.

«Мен күйөөмө тамак алып келдим. Сыртына «Каби Турсынбек» деп жазып коюңузчу», - деп суранды Оралхан ал жерде тургандардын биринен.

Абактагы адамга салам жөнөтүү үчүн бир нече форма толтуруу керек. Кытай арибинде жазганды үйрөнгөн Оралхан кириллицада жаза албайт.

Оралхан түрмөдөгү күйөөсүнө бүгүн өз колу менен жасаган палоо алып келди.

– Үйдүн тамагын сагынат да. Ал жердеги тамак начар деп жаткан. Мурда жанындагыларга да кошо алып келчүмүн, жеп алсын деп. Азыр андайга жалгыз өзүмдүн чамам жетпейт. Жолдошум негизи этти жакшы көрөт. Бирок азыр палоо жасаганым эле ыңгайлуу. Дайыма эле эт алып келе албайм, – дейт Оралхан.

Оралхан түрмөдөгү жакындары менен көрүшүү үчүн келген башка адамдар менен катар кезекте турат:

– Бүгүн адам көп эмес экен. Адатта жуманын биринчи жана экинчи күндөрү көп адам болот. Эртең менен келип, кечинде кетесиң.

Турсынбек Каби менен бирге соттолуп жаткандардын алтоо үй камагында. Ал эми тергөө абагында отургандардын жакындары акыркы төрт айдан бери ушинтип узак жол жүрүп, тамак ташып, кыйналып да кеткенин айтып жатышат.

"Ар кандай кыйынчылыкты башыбыздан өткөрүп жүрөбүз", - деди кезекте турган аялдардын бири.

"Насыябыз бар, балдарыбыз студент, эч ким бизге жардам бербейт, эч ким", - деди дагы бири.

Оралхандын күйөөсүнүн мойнунда да төлөнүп бүтө элек насыя карызы бар. "Аны да карыз алып, жабууга аракет кылып жатам", - дейт аялы.

Ал тергөө камагында отурган күйөөсү менен көрүшүп чыкты. Айтымында, экөө айнектин эки жагында отуруп, телефон аркылуу гана сүйлөшүшөт.

- Мен күрөшүмдү токтоткон жокмун жана эч качан токтотпойм. Кылычынан кан тамган Кытай менен күрөшүп, күйөөмдү алып чыккам, эми Казакстан андайга барбайт чыгар, соттобойт деп ойлойм. Казакстан демократиялык мамлекет, бизде сөз эркиндиги бар, биз көз каранды эмес мамлекетпиз деп айтабыз. Эгер ошол чын болсо, мен сот адилет чечим чыгарып, жарандарыбызды боштондукка чыгарат деп ишенем", - деди Оралхан Абен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России