Иран: Аятолланын өлтүрүлүшү абалды өзгөртөбү?
Иранда жекшемби күнү таңга маал мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өлкөнүн Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.
Мунун алдында, 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social соцтармагы аркылуу Хаменеи америка-израил биргелешкен операциясы маалында жок кылынганын маалымдаган.
Ишембиде Али Хаменеинин жардамчысы Али Ларижани Х соцтармагындагы баракчасына өч алуу болорун билдирген жана бул аятолла жантаслим болгону кыйыр түрдө аныкталганы катары кабыл алынган.
Али Хаменеи 1989-жылы Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейни каза болгондон кийин жогорку лидерликке келип, ошондон бери Иранда дээрлик чексиз бийликке ээ болуп келген.