ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам байланыш телефондорун жарыялады
Жакынкы Чыгышта жана Ооганстан менен Пакистандын чек арасында кырдаал курчуганынан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул аймактагы кыргызстандыктар үчүн байланыш номерлерин жарыялады.
Кыргызстандын Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү элчиликтеринин номурлары:Кувейттеги элчилик: +96550887691;
Катардагы элчилик: +97450667001;
Сауд Арабиясындагы элчилик: +966583769945;
Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчилик : +971522255269;
Дубай шаарындагы башкы консулдук: +971522918840;
Ирандагы элчилик: +982122830354; +989352505229;
Израилдеги элчиликтин Анкарадагы резиденциясы: +90 545 689 68 00;Израилдеги ардактуу консул: +972 53 3214916;
Ооганстандагы элчилик: +93 77 9099326;
Пакистандагы элчилик: +92 3335556343;
ТИМдин консулдук департаменти: +996999312002.
ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде билдирген.
Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт.
Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин калуу мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.
ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.
Бириккен Араб Эмирликтери(БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан.(ZKo)