Ирандын дрону Азербайжандын Нахичеван шаарына кулады
Азербайжандын Нахичеван шаарындагы аэропорттун аймагына Иранга тийиштүү дрон кулаганын жергиликтүү медиалар кабарлады. Report жана APA агенттиктери Иран “дрон менен сокку урганын” жазышууда.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир дрон аэропорттун терминалынын имаратына урунган, ал эми экинчиси Шекарабад айылындагы мектептин жанына түшкөн. Аэропорттун имаратына зыян келтирилип, эки адам жаракат алган.
Баку бул окуя үчүн жоопкерчиликти Тегеранга жүктөп, жооп чараларын көрүү укугу бар экенин билдирди. Ошондой эле Ирандын Бакудагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага нааразылык нотасы тапшырылды.
Нахичеван шаарынын тургуну "Азаттык" радиосунун азери кызматына билдиргендей, ата-энелерди балдарын мектептен алып кетүүнү суранышкан.
Полиция жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн чыкпоого жана ар кайсы жерде топтолбоого чакырды.
Телеграм каналдар жарыялаган видеолордо аэропорттун жанында жарылуу болуп, асманга түтүн көтөрүлгөнү көрүнөт.
Ирандын бийлиги азырынча Азербайжандын аймагына кулаган дрондор тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин Qazetchi басылмасы өз булактарына таянып, Азербайжан өз аскерлерин Иран менен чек арада жогорку даярдыкка келтиргенин жазган. Маалыматка караганда, дрондорго жана төмөн учкан учактарга каршы коргонуу системалары да жайгаштырылган. Бул маалымат расмий түрдө ырасталган эмес.
28-февралда Израил жана АКШ Иранга каршы операция баштаган. Буга жооп катары Иран Израилге гана эмес, аймактагы башка өлкөлөргө да сокку урууну улантып жатат.