Иранда жаңы жогорку лидер шайланды
Иранда жаңы жогорку лидер шайланды. Бул тууралуу өлкөнүн Эксперттер жыйынынын мүчөсү Ахмад Аламолходага таянуу менен Би-Би-Синин Иран кызматы жазып чыкты.
Аламолходанын айтымында, кеңеш шайлоону жабык эшик артында өткөрүп, лидер тандашты. Ал журналисттерге жаңы лидердин атын атаган эмес.
Жаңы жогорку лидерди Ассамблеяга мүчө 88 диниаятчы тандаган.
Mehr маалымат агенттиги билдиргендей, чечимди Эксперттер жыйынынын катчылыгы жакын арада таратышы керек. Алар расмий маалымат тарата элек.
Америка менен Израил Ирандагы аба чабуулдарын 28-февралда башташкан. Ошол эле күнкү соккуларда Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жок кылынган. Аны менен бирге жогорку даражалуу расмий адамдар да өлтүрүлгөн.
Иран бийлиги буга жооп кылып Перс булуңундагы бир катар мамлекеттердеги аскердик базаларды жана башка инфраструктураны абадан аткылай баштаган.
Маркум Хаменеинин 56 жаштагы экинчи уулу Можтаба Хаменеи, Убактылуу лидерлик кеңештин мүчөсү, 67 жаштагы аятолла Алиреза Арафи жана Ислам республикасынын негиздөөчүсүнүн небереси, 53 жаштагы Хасан Хомейни жогорку лидерликке талапкер катары аталып жаткан. (ErN)