Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өттү. Бул тууралуу тергөө учурунда анын адвокаты болгон Памир Суранбаев “Азаттыкка” билдирди.
Кудрет Тайчабаров 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан.
Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкү конфискацияланып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.
Кийин тергөө учурунда Тайчабаровго коррупция жана алдамчылык боюнча дагы эки айып тагылганы белгилүү болгон.
Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ал соңку маалда социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу. (BTo)