Сот аткаруучулар кызматы Капаловдун өлүмү жумушуна байланыштуу эмес экенин билдирди
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы 13-март күнү өз унаасында сөөгү табылганы айтылып жаткан Кубанычбек Капаловдун өлүмү боюнча маалымат таратты. Мекеме баштапкы маалыматтарга таянып окуя Капаловдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эместигин билдирди.
Маалыматта ошондой эле бул окуя боюнча "кызматтык иликтөө башталып, бардык жагдайларды объективдүү аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп" жатканы кабарланды.
Сот аткаруучулар кызматы коомчулукту жана журналисттерди эртелеп тыянак чыгарбай, тергөөнүн аякташын жана расмий жыйынтыктарын күтүүгө чакырды.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 13-март күнү Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Капаловдун сөөгү GAC үлгүсүндөгү унаасынан ок жеген абалда табылганын маалымдаган. Унаадан 12 мм калибрдеги «Иж-18» үлгүсүндөгү жылмакай ооздуу мылтык, 13 даана ок, бир гильза, эки мобилдик телефон, өлүм алдындагы кат жана башка далил заттар алынган.
Милиция маркум карыздарына байланыштуу өмүрүн кыйган болушу ыктымал деген маалымат бар экенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголгону, учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы кабарланган.(ZKo)