Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт
16-18-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл облусунун акваториясынын батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндуз 9…14;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндуз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндуз 1…6.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 11 …13° жылуу болот.