Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирди.
"Улуттук банктын төрагасынын кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызы келип түшкөн. Бул боюнча комитет тийиштүү жумуштарды өткөрүп берсеңиздер. Мындан сырткары комитеттерде орун алмашуу жана бош орундар бар. Анын алкагында дагы ишти алып барыңыздар", - деди Маматалиев.
44 жаштагы Тургунбаев 2024-жылы июнда Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.
Кызматка келгенден эки айдан кийин, августта жана 2025-жылы июлда президент Садыр Жапаров ага "жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабаганы үчүн" жана "ишиндеги кемчиликтер үчүн" деген негизде сөгүш жарыялаган.
Тургунбаев кызматтан эмне себептен кеткени айтыла элек.
Буга чейин ЖМКда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев менен финансы министри Алмаз Бакетаев да кызматынан кетери күтүлүп жатканы жазылган. Алардын айрымдары Бакетаев Улуттук банк төрагалыгына келерин божомолдошкон. (КЕ)