Камчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айтты
Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтты.
"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулмандын атынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар түрдүү жалган жалааны, ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана ошолорду тараткан адамдарды дагы Айт намаздын ыраазычылыгы үчүн кечирдим", - деди Ташиев.
УКМКнын мурдагы төрагасы өзүн кимдер каралап, жалаа жаап жатканын ачык айткан жок.
Айрым медиалар Ташиев Жал кичи районундагы мечитте окулган Айт намазга барганын жазышты. Интернетте тараган видеолордон анын жанында Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жүргөнүн көрүүгө болот.
Бүгүн, 20-мартта Эски аянтта эки жылдан бери биринчи жолу Айт намаз окулду. Ага президент Садыр Жапаров да катышты.
Бир ай мурда кызматынан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекке кайтып келди. ИИМдин Тергөө комитети аны беш саат суракка алгандан кийин бошотту.
Ташиев эки кылмыш иши - "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупция жана "75 кишинин кайрылуусуна" байланыштуу сурак бергени кабарланууда. Ташиев тергөөгө маалыматты таратпоо жөнүндө тилкат бергени айтылган.
Ага чейин Салык кызматы “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык схемалар деген иликтөө жарыялап, ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирген.
Эки күн мурда “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка алынып жатканы тууралуу маалымат тарап, ИИМ аны четке каккан.
Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди 10-февралда ээлеген кызматтарынан бошоткон. Германияда дарыланып жатканы айтылган Ташиев аны кызматтан алуу чечими "өтө күтүүсүз болгонун" билдирген. 13-февралда Ташиев Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кеткен. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган эмес.
Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин бир катар депутаттар, анын ичинде иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырган. УКМКдагы ишенимдүү кадрлары жана саясий чөйрөдөгү аны менен жакын экени айтылган айрым адамлар камакка алынган. (ST)