Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"75 кишинин каты" жана "Кыргызнефтегаз". Ташиев айыптоолорду каралоо деп атады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак бергенден кийин биринчи ирет коомчулукка чыкты. Бишкектеги мечиттердин бириндеги Орозо айт намазынан кийин ал соңку окуяларды учкай комментарийлеп, өз дарегине айтылган айыптоолорду каралоо деп атады.

Бир ай мурдараак иштен алынгандан кийин ага жакын саналган бир катар аткаминерлер кызматтан кетип, депутаттар мандатын тапшырды. “75 кишинин катына” жана “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, Ташиев сурак берди.

Учкай үн каткан Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 20-мартта Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Абдулкерим Сатук Буура хан мечитинде Орозо айт намазынан кийин “Регион” телеканалына учкай интервью берип, соңку окуяларды комментарийледи. Ал бир айдан бери өзү тууралуу негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтып, аларды каралоо деп атады.

"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар түрдүү жалган жалааны, ушак сөздөрдү таратып, ар кандай болбогон нерселерди айткан жана ошолорду тараткан адамдарды дагы Айт намаздын ыраазычылыгы үчүн кечирдим. Мындан ары мындай жаман иштерге барышпасын. Жаман сөздөрдү, туура эмес маалыматтарды айтышпасын!", – деди Камчыбек Ташиев.

Чет өлкөдө жүргөн Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекке учуп келери менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында беш саатча сурак берип чыкты. Министрлик атайын кызматтын мурдагы башчысы эмнеге чакырылганы жана кандай аракет көрүлгөнү тууралуу расмий маалымат бере элек.

Бир катар маалымат каражаттары Ташиев эки иш боюнча – “75 кишинин катына” жана “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында сурак бергенин жазышты. Кабарларга караганда, ал тергөөгө маалыматты таратпоо жөнүндө тил кат берди.

Мамлекеттик салык кызматы 16-мартта “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча иликтөө жарыялап, мамлекет 4 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирген. Мунайды сатууга аралашкан он чакты ортомчу компания Камчыбек Ташиевдин жакындарына, инисине жана уулуна тиешелүү экени айтылган.

17-мартта Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 18-мартта он чакты киши суралып, төрт киши кармалган. Министрлик бул боюнча иликтөө иштери уланып жатканын билдирүүдө.

“Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктап, кармашты. Тактап айтканда, 1983-жылы туулган Н.Н. – “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1980-жылы туулган А.Р. – “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары, 1988-жылы туулган А.Н. – тиешеси бар компаниялардын биринин директору, 1990-жылы туулган М.Б. – тиешеси бар компаниялардын биринин директору кармалды. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда” - деп айтылат Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын маалыматында.

"Жетимиш бешчилердин каты"

Жогоруда айтылгандай, кеп болуп жаткан экинчи кылмыш иши "75 кишинин каты" боюнча экени кабарланууда. Бирок Ташиев ал боюнча суралдыбы-жокпу, расмий ырастала элек.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана парламенттин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ага кол койгон беш кишини кармаган.

Мунун артынан эле – 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошол маалда чет жакта дарыланып жүргөн Ташиев президентке жолугуп, кайра башка өлкөгө учуп кеткен эле.

Президент бул окуялардын фонунда берген маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана генералдын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган. Мындай айыптоосун ал 11-мартта парламентке барганда да айтып, “бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жарата турганын” эскерткен.

Садыр Жапаров Орозо айт намазын Бишкектеги Усубалиев атындагы аянтта окуду. Анда сөз сүйлөгөн жок, расмий сайтка жарыяланган куттуктоосунда кайрадан биримдикке басым жасады:

“Берекелүү Рамазан айы ар бир мусулман үчүн руханий тазалануунун, сабырдуулуктун жана кайрымдуулуктун айы. Бул мезгилде адамдар ыйманын бекемдеп, бири-бирине жакшылык кылууга умтулуп, муктаждарга жардам берүү, боорукерлик жана адилеттүүлүк сыяктуу асыл баалуулуктарды жогору коюшат. Ушундай руханий нарктар коомубуздагы өз ара урмат-сыйды, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө кызмат кылат. [...] Биздин элибиз көп этностуу, көп түрдүү болсо да биздин күч – биримдикте, ынтымакта жана өз ара ишенимде. Ушул баалуулуктарды бекем сактоо менен гана өлкөбүздү өнүктүрүп, келечек муундар үчүн күчтүү жана бакубаттуу мамлекетти кура алабыз”, – деди президент.

Орозо айт намазында Садыр Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана башка аткаминерлер коштоп жүрдү. Президенттин катарында Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров да болду.

Камчыбек Ташиевди болсо намазда Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев коштоп жүрдү. Ташиев атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынгандан кийин ага жакын саналган министрлер жана башка аткаминерлер, анын ичинде Токторбаев да иштен кеткен. Саясатчынын иниси Шаирбек Ташиев баштаган бир катар депутаттар да мандатын тапшырышкан.

Эми коомчулукта Камчыбек Ташиевдин мындан аркы кадамдары жана саясий чөйрөдөгү ролу тууралуу суроолор көп талкууланган темалардын бири болууда. Бирлери ал келерки президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн дешсе, айрымдары ал кылмыш иши боюнча сурак берүүсүн улантарын болжошууда.

Саясат талдоочу Эмил Жороев "Азаттыкка" курган маегинде буларга токтолду:

“Козголуп жаткан маселелерде, “Кыргызнефтегаз” болобу, Жалал-Абаддагы же Оштогу кайсы бир аракеттер жөнүндө же 75 кишинин каты болобу – баары конституциялык туруктуулук, мамлекеттин бүтүндүгү жана ири өлчөмдөгү экономикалык ишке байланыштуу олуттуу маселелер. Анын баары боюнча азырынча шек деген гана маалымат бар, далилденди деген кабар жок сырттан караган кишиге. Бирок Фейсбукка бир аз болсо да жагымсыз сөз жазган кишилер деле камалып жаткан чакта, албетте, эгер Камчыбек Ташиев камакка алынбаса коом ичинде таң калуу жаратса керек. Ал эми камакка алынса, анда, бул чоң саясий, чагылган сыяктуу опурталдуу маселе болушу мүмкүн. Эл арасында суроо жаратары шексиз, бирок бийликтин, коопсуздук органдарынын баамына жараша, камалбай калышы да ыктымал”.

Мурдараак саясий чөйрөдө президент Садыр Жапаров эки мөөнөт кызматта отуруп, андан соң үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев шайлоого барышы мүмкүндүгү сөз болуп келген. Соңку жылдары, тескерисинче, Ташиев экинчи мөөнөттө Жапаров менен тең жарышка түшүүсү ыктымалдыгы айтылган.

Кийинки президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына белгиленген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России