Колумбияда 100дөй аскер отурган учак кыйрады
Колумбиянын түштүгүндө аскер-аба күчтөрүнүн учагы кыйраганын өлкөнүн коргоо министри Педро Санчес билдирди. Учак аскерлерди ротация үчүн алып баратканы айтылды. Баштапкы маалыматтарга караганда, ичинде 100дөй киши болгон.
Санчес билдиргендей, кырсык учак Пуэрто-Легисамо аймагынан көтөрүлгөн учурда болгон. Кыйроонун себептери азырынча аныктала элек.
Колумбиянын президенти Густаво Петро акыркы маалыматтар боюнча бир адам набыт болуп, 77 киши жаракат алганын, дагы 43 адам дайынсыз экенин билдирди.
Жергиликтүү BluRadio учакта 110 жоокер болгонун жазды. Caracol телеканалы баштапкы маалыматтарга таянып учакта 125 адам: экипаждын 11 мүчөсү жана 114 аскер кызматкери болгонун маалымдады. Бул маалымат расмий тастыкталган жок.
Кыйраган C-130 Hercules учагы америкалык Lockheed Martin аскер-өндүрүш корпорациясында жасалган. Алгачкы Hercules C-130 учактары 1950-жылдары чыккан, Колумбия учактын бул түрүн 1960-жылдардын аягында алган.
Reuters агенттиги жазгандай, февралдын аягында Боливияда да аскер-аба күчтөрүнө таандык Hercules C-130 учагы кыйраган. Натыйжада 20 киши набыт болуп, 30 адам жаракат алган.