Кемпир-Абад иши боюнча кийинки жараян 27-мартка белгиленди
Бишкек шаардык сотунда 25-мартта Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болду. Анда бул иш боюнча акталган ондон ашык саясатчы, активист жана укук коргоочу суралды.
Саясатчы Жеңиш Молдокматов жана активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев кийинки отурум 27-мартка белгиленгенин, анда чечим чыгышы мүмкүн экенин соттук жараяндан кийин "Азаттыкка" билдирди.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган. Ишке "жашыруун" грифи берилген.
2024-жылдын 14-июнунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталган эле. Бирок, прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде иш кайра Бишкек шаардык сотунда соңку 1 жыл 8 айдан бери каралууда.(KS)