ЖК депутаттары Орусияда тилден тест тапшыруу шарттары менен таанышты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш болгон парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен барды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, делегация Москвада жайгашкан В.Ф.Орлов атындагы "Марьина Роща" мектебинде болду. Алар эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат алышты.
"Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет", - деди Маматалиев.
Депутаттар Москвадагы Кыргызстандын көргөзмө-соода борборунда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.
Сапар алкагында төрага Маматалиев Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет, анын ичинде мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырмайын мектепке кабыл алууга тыюу салынган, ал эми алардын ата-энелери Орусияда жүрүү макамын мыйзамдаштырууга милдеттендирилген. Натыйжада былтыр сентябрда мигранттардын балдарынын 87,5% мектепке кире алышкан эмес. (КЕ)