Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев абактан чыкты
Фейсбуктагы пикири үчүн соттолуп, камалган Эрнис Жээнтаев 26-мартта Бишкек шаар сотунун чечими менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Маалыматты Жээнтаевдин адвокаты Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" ырастады.
Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык соту 26-мартта Жээнтаевге тагылган айыптардын бири - Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды сактоо) боюнча аны толук актады. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калып, төрт жылга пробациялык жаза чегерилди.
Эрнис Жээнтаев былтыр 10-ноябрда Фейсбуктагы посттору үчүн кармалган. Быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген.
41 жаштагы Жээнтаев 2-3 гезиттин дизайнери болуп көп жылдан бери иштеп келаткан. Соцтармактагы баракчасында кымбатчылык, “Кумтөр” кенин улутташтыруу өңдүү маселелерге байланыштуу постторду жазып турган. Анын жашы жете элек үч баласы бар. Соттук-лингвистикалык экспертиза анын постторунда "жапырт башаламандыкка чакырык бар" деген корутунду чыгарып бергенден кийин милиция эки берененин негизинде иш козгогон. (ZKo)