Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссиянын курамы өзгөрөт
Гимндин текстин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын курамы өзгөрүүдө. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, эл акыны Карбалас Бакиров "Азаттыкка" кабарлады. Ушул эле маалыматты комиссиянын дагы бир мүчөсү, филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев дагы ырастады.
Бакиров гимндин жаңы редакциясына кайрадан сынак жарыяланганы менен, эмгектерди кабыл алуу баштала электигин белгиледи. Анын айтымында, ушул жылдын аягына чейин гимндин жаңы редакциясы кабыл алынышы мүмкүн. Ал комиссиянын курамына кимдер кирип, кимдер чыкканы тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
"Жазам дегендер, ага байланыштуу маалымат сурагандар дагы абдан көп", - деди акын.
Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч варианттын тең четке какан.
Гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына парламенттин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирген. Комиссия 1-июнга чейин иштей турганы айтылган. Ошол учурда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Нурланбек Тургунбек уулу эгер зарыл болсо комиссиянын убактысы дагы узартыларын айткан.
Сынакка жеке адамдар же биргелешкен топтор да катышса болот.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратып келатат.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сөздөрдүн мааниси талаштуу деп, аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (КЕ)