ЖК төрагасы Маматалиев Орусияда кыргызстандык балдарды тил сынагынан бошотууну сунуштады
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусиядагы иш сапары алкагында 26-мартта Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу да сөз болгонун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маматалиев энергетика, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Ал "Амина" санарип каттоо системасынын ишин кеңейтүүнү, эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртууну, мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотууну жана өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүүнү сунуштады. Муну менен катар ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу маселесин айтты.
"Эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жетүүсү дагы эле актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечим табуу маанилүү. Орус тилинин статусун жана учурдагы практиканы эске алып, кыргызстандыктардын балдарын Орусиянын мектептерине кабыл алууда тилдик тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууда кыйынчылыктар сакталып жатат, андыктан процедураларды жөнөкөйлөтүү жана Орусиядан чыгып кетпестен көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартуу жана талаптарды катуулатуу сыяктуу жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан жеңилдиктерди сактоо, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн узартууну колдоо маанилүү деп эсептейбиз", - деди Маматалиев.
Өз кезегинде Вячеслав Володин да кызматташуунун ар кандай форматтарын колдонуу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да жигердүү улантуу керектигине токтолду.
"Көп жагынан эки мамлекеттин алакасындагы динамиканы өлкө башчылары аныктайт. Бирок биз дагы өз тарабыбыздан жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек", – деди ал.
Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет. Анын ичинде мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырмайын мектепке кабыл алууга тыюу салынган, ал эми алардын ата-энелери Орусияда жүрүү макамын мыйзамдаштырууга милдеттендирилген. Натыйжада былтыр сентябрда мигранттардын балдарынын 87,5% мектепке кире алышкан эмес.
2021-жылдан бери Мамдума мигранттарга каршы маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын "ДумаБинго" долбоору санап чыккан. Анын 38и 2024-жылы "Крокустагы" теракттан кийин каралган.
Мигранттарга каршы негизги мыйзамдардын бири - көзөмөл реестри, ага миграция мыйзамдарын бузду делген чет өлкөлүк жарандар киргизилет. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин былтыр октябрда ИИМге шилтеме кылып, 1-сентябрга карата көзөмөл реестринде 770 миңден ашуун мигрант бардыгын, анын үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар экенин билдирген.
Чек арадан жүк алып өтүүдө да кезек күтүү утур-утур пайда болуп, кыргызстандык ишкерлер Казакстан менен Орусия кошумча талаптарды коёт деп даттанып келет. Мындан тышкары Орусияда миграциялык талаптар катаалдап, анын айынан уюмга мүчө Кыргызстандын жарандары да кыйынчылыкка туш болгонун айтышат. Маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет айтылып, Орусия ЕАЭБдин талаптарын сактабай жатат деп сынга алынган. (КЕ)