Бакыт Кадыров Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу болуп дайындалды
Бакыт Кадыров Кыргызстандын Түркиянын Анталия шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация 27-мартта жарыялады.
Анын алдында президенттин жарлыгы менен аталган шаардагы Башкы консулдукту жетектеп келген Рустам Кошонов кызматынан бошотулган.
Кошонов ээлеген кызмат ордунан дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулганы кабарланган.
Бакыт Кадыров буга чейин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.
Анталиядагы консулдук 2021-жылы октябрь айында президенттин буйругу менен негизделген.
Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Ошондой эле Түркияда эки миңдей кыргызстандык студент билим алат.(ZKo)